MegaCom командасы өлкө азыркыдай оор кырдаалда турганда алдыңкы сапта эмгектенип жаткан дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине жана ыктыярчыларга чын дилден ыраазычылыгын билдирет. Компания ыраазычылыгын ыр түрүндө билдирип, социалдык ролик тартты. Анда чыгарманы мекеменин кызматкерлери жана "Асман" долбоорунун катышуучулары аткарышкан.
"Мекендештерге күч биримдикте экенин эскерткибиз келет! Ушундай оор күндөрдө биримдик менен гана көзгө көрүнбөгөн душманды жеңе алабыз. Бардык кыргызстандыктарга бекем ден соолук, күч-кубат жана чыдамкайлык ошондой эле жаркын келечекке болгон ишенимди каалайбыз. MegaCom ата мекендик байланыш оператору ар дайым жардам колун сунууга даяр! Ар бириңиздерди колдоого багытталган бул видеотасманы сиздерге - биздин сүйүктүү Кыргыз өлкөсүнө арнайбыз, достор! #ДемалКыргызстаным", - дешти компаниядан.