Бишкекте тоноого шектүү жаран изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июлда Бишкек шаардык ИИББинин 102 кызматына Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде тоноо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, 1984-жылы туулган Н.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 23-июлда болжол менен саат 14:30 чамасында Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран арыз ээсинин колундагы сумкасын жулуп алып белгисиз тарапка качып кеткен.
Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында, милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1986-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.