8-июлдан тарта кыргызстандыктарга Beeline операторунун Ысык-Көлдөгү жаңы форматтагы мобилдик кеңсеси жеткиликтүү болот. Мындай кеңсенин биринчиси Түп айылында орун алды. Буга чейин Beeline’дын сатуу жана тейлөө кеңсеси Караколдо жана Чолпон-Атада гана болгон. Эми керектүү кызматтарды алуу үчүн ондогон чакырымдарды басып өтүүнүн кажети жок.
Мобилдик кеңсе – бул зарылчылыкка жараша каалаган жерге көчүрүлө турган атайын бир конструкция. Ошол эле учурда мындай кеңсе башкалардан эч айырмаланбайт жана бул жерде кардарларга ар кандай байланыш кызматтары көрсөтүлөт:
1. Тарифти өзгөртүү;
2. Номерди калыбына келтирүү;
3. Номерди кайрадан каттоодон өткөрүү;
4. SIM-картаны алмаштыруу;
5. Номерди бөгөттөө/бөгөттөн чыгаруу;
6. Кошумча кызматтарды кошуу/өчүрүү.
Башка кызматтардан тышкары мобилдик кеңседе Элкарт картын сатып алуу, телефондорду бөлүп төлөөгө же насыяга алуу, ошондой эле Balance.kg’де идентификациялоодон өтүү мүмкүн.
Иштөө убактысы: 09:00 - 18:00 тыныгуусуз, ишемби – санитардык күн.
Кардарлардын жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн Beeline операторунун бардык сатуу кеңселеринде санитардык-эпидемиологиялык чаралар көрүлөт: бет кап режими, антисептиктерди колдонуу, имарат ичин дезинфекциялоо. Оператордун өкүлдөрү, тейлөө сапатын жогорку деңгээлде кармоо жана Beeline’дын кардарларына жогорку сапаттагы кызматтардын жеткиликтүү болушу абдан маанилүү экендигин баса белгилешет.