Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 24-июлда саат 17:00 чамасында Мазда үлгүсүндөгү унаа жол чыракка токтогондо артынан унаа келип сүзгөн. Натыйжада жолдон өтүп бараткан жаранды сүзүп, ал каза болду. Эки унаа тең айып төлөөчү жайга токтотулду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.