Баткенде ири өрт кырсыгы катталды

Баткен шаарынын С.Садыков көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 24 июлда саат 21:53тө түшкөн. Анда жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 720 чарчы метр чатыры жана 1 миң 500 түк чөп күйгөн. Өрт электр чубалгыларынын кыска чыңалуусунан улам келип чыккан.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган жана өрттөн жабыркагандар катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aksy.1989
2020-07-25 15:04:04
Бир жарым миң таңгак чөп дейби чөп жок убакта
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан