Ош шаарында бир тууган инисин өлтүрүп алганга шектелген жаран үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя 20-июлда болгон. Анда оор жаракат алган жаран ооруканада каза болуп калган.
Шектүү алгачкы тергөө учурунда иниси көп ичип кеткендигин, элге-журтка уят кылып жаткандыгына байланыштуу аны жакшы жолго чакырган. Бирок иниси каяша айтып, укпай койгондон улам бир жолу чапкан. Анда маркум жерге кара кушу менен тийип эсин жоготкон. Шектүү аны өлтүрүп коюу оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган.