Көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу: Кыргызстан Түркияны 16:3 эсебинде жеңди

10-15-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы экинчи жеңишти багынтты. 12-сентябрдагы беттеште кыргыз улакчылары Түркия командасын 16:3 эсебинде жеңди. Бүгүн, 13-сентябрда командалар тайпалык баскычтагы акыркы оюндарын өткөрөт. Кыргызстан курама командасы бул мелдештин алкагында жеңиле элек Кытай курама командасы менен беттешет. 12-сентябрда өткөн жалпы оюндардын жыйынтыгы: 

Кыргызстан 16:3 Түркия

Казакстан 16:1 Орусия

Тажикстан 8:1 Монголия

Өзбекстан 4:6 Кытай

Бүгүн, 13-сентябрда орун алчу беттештер:

Кыргызстан  –  Кытай

Казакстан – Монголия

Тажикстан – Орусия

Өзбекстан – Түркия  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bosmos7
2013-09-13 10:06:55
Алга Кыргыз ! Алга! Улак тартышты баарына уйротуш керек! Биз женебиз!
+2
Shai
2013-09-13 10:51:43
Кытайды илгертеден ата-бабаларыбыз женип келген женгиле кыргыз балбандары. Ат устундо шамалдай ойногонду бизден уйронуп алышсын.
+4
rios.07
2013-09-13 11:00:19
Азаматсынар! Ат жалында ойногон Кыргыз балбандары! Селерге ийгилик, атынарга куч кубат берсин! Кытайларды да женесинер!
+2
gooool
2013-09-13 11:16:54
кок боору кимдердин улуттук оюну экенин билип алышсын,казактардыда уткула.
+2
kaniet
2013-09-13 13:08:03
Азаматтар! Бул эмнени билдирет?"Кок боору" оюну же улак деп коебуз,бул деген бул оюн кыргыздын илгенртен келаткан улуттук оюну дегенди билдирет. Антпесе озбектер чыгышты "миллий кок боори" ойинимиз дешип.Чокусуна миллийби! Ушул оюнду дуйнолук аренага алып чыгып, колдон келсе олимпиадалык оюндарга коштуруп, ЮНЕСКОжон кыргыз улуттук оюну катары каттатып алсак жакшы болот эле, ансыз "Манасты" алдырып кое жаздадык, озбектер Озбек кураши деп дуйного чыгарып алышты, акча кетсин, абийир кетпесин достор
+1
kaniet
2013-09-13 13:11:06
"Суперинфо" сураныч, ушул оюндардан репортаж жасап турбайсынарбы, ар команданын оюнунан, бул да болсо жаштар арасында улутттук идеологиянын онугушуно чон салым болоор эле.Алдын ала рахмат!
+1
admin_superstan
2013-09-13 13:30:43
kaniet, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот. Рахмат!
+2
jasan
2013-09-13 13:19:49
молодцы, алга Кыргыз.
+1
ma4ak
2013-09-13 14:07:44
Эн сонун азаматсынар биздин балбандар. Манас атанын урпагы экенинерди корсотуп атасынар. Алдыдагы оюндарга ийгилик
+1
skatoruk
2013-09-13 17:03:26
Ушундай болуш керек да өзү.
+1
Aviator
2013-09-13 19:40:59
Азаматсынар!
0
rios.07
2013-09-13 21:28:38
Кытайларды 12:0 эсебинде утасынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан