Бүгүн, 26-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 142-чакырымында сел жүрүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. ӨКМнын маалымат кызматынан жол ачылганын билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда суу каптаган жолдун бөлүгү ачылып, унаалар өтүп жатат. Тазалоо иштерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан куткаруучу топ, 1 грейдер, 1 манипулятор жана кызматкерлер, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан 1 экипаж тартылган.