Баткен облусунун Кадамжай районунда кечээ, 26-июль күнү саат 19:30 чамасында Орозбеков айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сайында сел жүрүп, 6 көпүрөнү жараксыз абалга келтирген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
26-июль күнү тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Калыбына келтирүү иш-чаралары 27-июль күнү жүргүзүлөт.
Лейлек районунда саат 20:00 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 323-332-чакырымын, Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы ички чарбалык унаа жолун кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.
Унаа жол жабылган эмес. 26-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында тазалоо иш-чаралары толук аяктаган.