Баткенде селден кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө

Кечээ, 26-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут, Суу-Башы, Кара-Булак айыл аймактарында, Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен сел жүргөн. Сел жүргөн аймактарды калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

"Сел суулары негизинен сайларда жүргөн, айрым жерлерде ички жолдорго, эгин талааларга зыянын тийгизген. Тийиштүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүп, жол каттамы, сугат суу, электр энергиясы калыбына келтирилди. Учурда селден улам келтирилген зыяндарды тактоо боюнча жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда", - деп билдиришти мекемеден.

Табигат кырсыгы адам өмүрүнө зыян келтирген эмес.

Кадамжайдагы сел алты көпүрөнү агызып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан