"Газпром Кыргызстан" Ош шаарынын медициналык мекемелерине кычкылтек концентраторлорун жана жеке коргонуучу каражаттарды берди

"Газпром Кыргызстан" компаниясы Ош шаарынын мэриясына медициналык мекемелерге таратуу үчүн 30 кычкылтек концентраторлорун, 250 комплект жеке коргонуучу каражаттарды жана 200 коргоочу бет каптарды өткөрүп берди.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, "Газпром Кыргызстан" компаниясынын "Ошгаз" филиалынын директору Рашид Тагаев жана саламаттыкты сактоонун Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кайдыгер карабай илдеттен арылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамдар үчүн ыраазычылык сөзүн айтып, коронавирус жана пневмониядан ооруп жаткандарга, айыгып кетүү үчүн мыкты шарт болуп жаткандыгын белгилеп өттү.

Компаниядан маалымдашкандай, 28-июлда Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун поликлиникасына 30 комплект жеке коргонуучу каражаттар, медикаменттер жана 1 кычкылтек концентратору берилээри пландалып жатат.

Буга чейин "Газпром Кыргызстан" компаниясы Бишкек шаарынын мэриясына 30 даана кычкылтек концентраторлорун жана 100 комплект коргоочу костюмдарды беришкен.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы абоненттерди компаниянын калкты тейлөө борборлоруна барууну азайтууну, газ эсептегичтин көрсөткүчүн жөнөтүү жана төлөмдөрдү өткөрүү үчүн аралыктан колдонуу кызматтары – "Gazprom.kg" мобилдик тиркемеси, электрондук капчыктар жана төлөм кызматтары менен колдонууну өтүнөт. Эгерде компаниянын кеңселерине барууга туура келген учурда социалдык аралыкты сактоону, бет кап тагынууну жана кол кап кийүүнү суранат.

Сурап-билүү кызматынын телефону: 4444 (мобилдик телефондон чалуу акысыз).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан