Мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКда кайрадан сурак берип чыкты

Мурдагы элчи Кылычбек Султан бүгүн, 27-июлда УКМКда кайрадан сурак берип чыкты. Ал суракка саат 16:00дө кирген. Жактоочусу Таалайгүл Токтакунова күбө катары чакырылганын маалымдады. Бирок жактоочу суракта эмнелер тууралуу сөз болгону тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай турганын билдирди.

"Кылычбек Султан күбө катары чакырылды. Кылмыш кодекстин 309-беренеси - бийликти күч менен басып алуунун алкагында күбө катары суралды. Юридикалык жактан алганда бул өзгөчө кооптуу кылмыш деп саналып, күнөөсү далилденгендер 10 жылдан 12 жылга чейин соттолот. Эмне жөнүндө суроолор болду, эмнелер суралганын айта албайбыз. Бул тергөөнүн сырлары", - деди Токтакунова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак, 21-июлда мурдагы элчи социалдык тармактагы баракчасына "5-август 2020-жыл. "Сооронбай Жээнбековго – импичмент!". Кайдыгер эмес жарандардын нааразычылык митинги" деген билдирүү жарыялаган болчу. Анын эртеси эле УКМК аны суракка чакырган. Биринчи сурак 23-июлда, экинчиси 24-июлда болгон. Сурактын маңызы тууралуу тил катка кол койгону үчүн мурдагы элчи комментарий берген эмес.

Кылычбек Султан УКМКнын суракка чакыруусу боюнча SUPER.KG порталына буга чейин мындай деген: "Акыркы жылдары мамлекет орчундуу, олуттуу иштер менен алектенбей, коркутуп-үркүтүү, ооз жаптыруу иштери менен алектенип жатат".

Буга чейин, 6-июлда мурдагы элчи Кылычбек Султан журналисттерге маалымат жыйын берип, анда элдин ишенимине негизделген өкмөттү дайындоо керектигин айтып чыккан эле.

Мурдагы элчи Кылычбек Султанды УКМК кайрадан суракка чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан