Бишкек шаарындагы Ала-Арча каналынан суу ашып, көчөлөрдү каптады

Кечээ, 27-июль күнү кечинде Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Ала-Арча каналынан суу ашып, көчөлөрдү каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Малдыбаев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде Ала-Арча каналынан суу ашып көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Сел жүргөн жерге саат 23:15те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана "Бишкекзеленхоз" ишканасынын кызматкерлери тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.

ӨКМ буга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан