Ош облусунда дарыянын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. ӨКМнын маалыматына ылайык, маркумдун жансыз денеси 27-июлда табылган.
"Өзгөн шаарындагы Кара-Дарыянын жээгинен 1991-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ал жерге 2 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - дешти мекемеден.