Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматовдун кол койгон буйругуна ылайык, мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси болуп Адилет Малдыбаев дайындалды. Ал буга чейин Биринчи Май районунун акиминин биринчи орун басары болгон.
Ал эми Азамат Дороев Октябрь районунун акими болуп дайындалды, буга чейин райондук администрациянын аппаратынын жетекчиси кызматын аркалап келген.
Бишкек шаарынын социалдык маселелер тармагын тейлеген вице-мэр Татьяна Кузнецова кызматтан кетип, анын ордун "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасынын жетекчиси Виктория Мозгачева ээлей турганы кабарланган.