Жалал-Абад облусунда 29 жаштагы келин бир жашка толо элек кызын уруп, видеого тартып Орусиядагы атасына жөнөткөн окуя соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Уруп-сабоо" беренеси менен иш козголуп, шаардык сотко жөнөтүлгөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
9-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Х.Н. ажырашып кеткен күйөөсү О.А. менен телефон аркылуу урушуп кеткен. Ошол учурда келин 1 жашка чыга элек кызы ыйлап тынчын ала бергендиктен, ачууланып, "сенин атаң сага акча салбайт, мен сен үчүн тилемчи болуп бүттүм" деп тилдеп, чаап, муунтуп, Орусиядагы жолдошуна социалдык тармагы аркылуу видеого тартып жиберген.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кыйноо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ал эми келиндин башка дагы балдары бар болгондуктан, ал камакка алынган эмес. Ал тергөөгө келип кете турганы айтылган.