"Керемет Банк" республиканын ооруканалары үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун сатып алып, Банктар биримдигинин гуманитардык акциясына катышты

Коронавирустук инфекциянын жайылуусу жараткан өлкөнүн саламаттыкты сактоо секторуна ар күндүк жүк, өлкөнүн дарылоо мекемелеринде өпкөнү жасалма желдетүү аппараттарынын, кычкылтек концентраторлорунун, пульсоксиметрлердин жана башка жабдуулардын курч жетишсиздигин айкындады.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстандын банктар биримдиги банк секторунун катышуучуларынын арасында медициналык жабдууларды сатып алууга каражаттарды чогултууну ыкчам демилгеледи. Банкирлер бар болгону эки жума аралыгында акча каражаттарын чогултуп, 6 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратына, 100 кычкылтек концентраторуна жана 1000 пульсоксиметрге буюртма берип, аларды өлкөнүн аймактык дарылоо мекемелерине акысыз берүү үчүн өлкөгө алып келе алышты.

Банктар биримдиги банктык гуманитардык акцияны колдоо чакырыгына 11 каржылык-насыялык мекемелер, анын ичинде "Керемет Банк" да үн кошту, ал алып келинген жабдууларды Бишкектен Кыргызстандын түштүк аймактарына жеткирүү боюнча бардык чыгымдарды өз моюнуна алды. Бүгүн банктын аркасы менен гуманитардык жүк Жалал-Абад, андан ары Ош жана Баткен облустарына жөнөтүлдү.

"Биз бир бүтүн элбиз, жана пандемия – бул баарыбыздын башыбызга келген балээ. Биз кайдыгер боло албайбыз", - дейт "Керемет Банк" ААКнун Башкармалыгынын төрагасы Эркинбек Жумабаев.

– Кыргызстандын банктар биримдигине жарыялаган демилгеси үчүн чын жүрөктөн алкыш айтам жана өз кесиптештерим-банкирлер менен сыймыктануу сезимин баштан кечирип жатам. Алар татаал заманга карабай, четте туруп калышкан жок жана акцияны колдоо чечимин абдан ылдам кабыл алышты. Биригип, биз ар бир банк өзүнчө жасай алгандан кыйла көптү жасадык. Азыр биздин башкы максат – жабдууларды Кыргызстандын көбүрөк муктаж болуп жаткан медициналык мекемелерине даректүү жеткирүүнү камсыздоо.

Республикада өзгөчө кырдаал кирген алгачкы күндөрдөн баштап "Керемет Банк" өзүнүн кеӊири аймактык тармагын колдонуп, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, ардагерлерди, медициналык мекемелерди, адистештирилген балдар мекемелерин, ошондой эле жапайы жаныбарларды коргоо боюнча фонддорду колдоп, өлкөнүн бардык облустарында активдүү кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

* Кыргызстандын банктар биримдигинин гуманитардык акцияга катышуу чакырыгына үн кошкон каржылык сектордун өкүлдөрү: "Керемет Банк" ААК, Банк "Бай-Түшүм" ААК, "Демир Кыргыз Интернешнл Банк" ЖАК, "Капитал Банк" ААК, "Кыргыз инвестициялык-насыялык банкы" ЖАК, "Оптима Банк" ААК, "РСК Банк" ААК, "ФИНКА Банк" ЖАК, "Халык Банк Кыргызстан" ААК, ошондой эле "Салым Финанс" МКК ААК.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан