Бишкекте алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Ал кычкылтек концентраторун сатып алып берем деп жабырлануучунун ишенимине киргенин ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 7-июлда Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран арыздануучуга кычкылтек концентраторун сатып берерин убада кылып, ишенимине кирип 300 доллар өлчөмүндөгү акчасын алып дайынсыз кеткени айтылган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеге ылайык "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Издөө иш-чарасынын жүрүшүндө шектүү делинип 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган О.М. кармалган. Шектүү мындан башка дагы беш жаранга кычкылтек концентраторун алып берүүнү убадалап акча алган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти мекемеден.