Бүгүн, 13-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында фехтования боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу башталды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандык спортчулар катышат. Жеңүүчүлөр жеке жана командалык эсеп менен аныкталып, жеңүүчүлөр сентябрдын аягында Кувейтте өтүүчү Азия чемпиондугуна катышууга укук алат.