Биз социалдык тармакта

Борбор калаанын чок ортосуна Бишкек баатырдын эстелиги орнотулат. Ага 8 миллион сом чогултулган

Борбор калаанын чок ортосуна Бишкек баатырдын эстелиги орнотулмакчы. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаар пандемиянын шартында өзгөрүүнү жана өнүгүүнү улантууда. Шаардыктар калаанын борборунда азыркы учурда "Жылдыздар согушун" эске сала турган кандай объект курулуп жатат деген суроолорду беришүүдө. Бул скульптуралык композиция Бишкек баатырдын эстелиги. "Бишкек башкы архитектура" ишканасы 2019-жылы өткөргөн мыкты долбоор ачык сынагынын жеңүүчүсү скульптор Адил Сейталиевдин эмгеги. Дал ушул эмгеги менен ал сынакта жеңүүчү аталган.

Азыркы учурда Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде эстеликтин алдына пайдубал даярдалып, "Бишкек башкы архитектуранын" кызматкерлери тарабынан курулуш иштери жүрүп жатат. Бишкек баатырдын колодон айкелин орнотуу иши демилгечилер "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Эстеликтин бийиктиги 3 метрден ашып, пайдубалы жарым метрди түзөт. Айкелди орнотууга сарпталуучу каражат демилгечилер тарабынан марафондо чогултулган. Коомдук бирикменин айтымына караганда, чогултулган каржаттын суммасы 8 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurbek56
2020-07-30 13:28:12
Ким кандай кабыл алат озу билет го бирок 8.миллион сом бир эстеликке ото эле коп сумма эмесби?
+6
azamat8607
2020-07-30 13:36:02
nurbek56,Ооба туура айтасын,мамлекет бир иш жасаса анын баасы базар баасынан 3,4 эсеге жогорулатып эсептелинет. Анан эле ким бай, чиновник бай. Аны "шабашка" деп адалдап коюшат.
+5
Atas
2020-07-30 14:09:15
Фрунзе жеген жакшы болчу , каяктагы бишкек деген атты табышкан (((
-6
Rahim76
2020-07-30 14:18:00
Бишкек эстеликтер боюнча биринчи орунда турса керек.о "Бишкек башкы архитектурасы"спортук обектилерди,стадион иштеп чыксанар.Биз коншу олколордон калып кеттик.Тажикстанда чон спорт комлекси курулуп жатат.8 миллион акча эмес ,бирок жардам эле да.
+1
Tolkun555
2020-07-30 17:11:27
Негизи мен эстеликке каршымын.кандайча пайдасы бар тушунбойм.ага болгон карга кузгун конуп чычып кетет.тем более мусулманчылыкка туура келбейт.
+3
Sakubek
2020-07-30 17:26:04
Баш кийими жокго
-3
algakaray
2020-07-30 18:32:00
Оруска окшогон эме го баш кийими да жок.
0
Nina.alex
2020-07-30 18:48:59
Эстеликтер и так деле толтура. Кое турса болмок мындай мааракелерди.
0
AksyKum
2020-07-30 20:05:28
Ким ал озу Бишкек баатыр.тарыхтада андай эле коп кездешпейт бул ат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан