Бишкек шаарындагы Медеров көчөсүнүн №63 дарегинде жайгашкан бала бакчадан жана жакын жайгашкан "Людмила" кафесинен өрт чыкты. Учурда өрт чектөөгө алынганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өрт тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин саат 15:17де бир бөлүм чыгып кеткен. Саат 15:24тө кошумча 1 бөлүм, саат 15:28де дагы 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм жана 1 штаб тартылган. Саат 16:07де өрт чектөөгө алынды. Кошумча маалымат берилет дешти министрликтен.