Маркум Чыныбай Турсунбековдун мандаты Сталбек Молдалиевге тапшырылды

Маркум Чыныбай Турсунбековдун мандаты Сталбек Молдалиевге тапшырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков ыйгарым укугу токтотулган депутаттын мандатын партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге тапшыруу боюнча БШКга кайрылган.

Жаңы депутат болуп катталган Молдалиев ишкерлик менен алектенери айрым маалымат булактарында жазылган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан