Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дин аалымы маркум Чубак Жалилов атындагы мечит ачылды. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочулары билдирди.
Маалыматка ылайык, мечит Арстанбап айылында салынган. Мечиттин ачылышы кечээ, 30-июлда өтүп, пайдаланууга берилген.
Маркум Чубак Жалилов 10-июлда оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган.
Дин аалымы соңку ирет 4-июлда оңдоп-түзөөдөн өткөн мечитти обсервация катары пайдаланууга берүүгө даяр экенин айткан эле.