Изделип жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Биринчи Май райондук күзөт кызматкерлери саат 19:00 чамасында "Ала-Тоо" аянтында жүргөн кыздын документин сурашкан. Жыйынтыгында ал изделип жаткан Айтурган Өмүрбекова болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал ата-энеси менен урушуп кетип, Бишкекке келе бергенин айткан", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Жоголуп табылган кыз Ош шаарынан болот. Ал 5-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес.