Биз социалдык тармакта

Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо участкалары ачылат

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө ушул жылдын 15-июлундагы №129 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Тышкы иштер министрлигинин Италия жана Франциянын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн иштердин жыйынтыктары боюнча, Италия жана Францияда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнү эсептөө үчүн эки шайлоо участкасы түзүлөт.

Ошентип Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларынын саны 42ден 44кө өстү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jazmina909090
2020-07-31 21:52:23
Башканы коюуп эчкини сой болуп кетти го биягы эл не менен убара а бийлик не менен алек тообаааа
+3
Tolkun555
2020-08-01 06:26:57
Пайдасы жок парламент учун акча ысырап.телефондон эле швйлвй турган кылыш керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан