Ошто турак үй өрттөнүп, кошуна жайгашкан 5 үйдү да өрт каптаган

Кечээ, 31-июлда саат 20:38 чамасында Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан түрак үйдөн өрт чыккан. Андан кийин өрт кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 үйлөрүнө өткөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метр. Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Мындан сырткары Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада тартылган.

Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.

Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kadyrova_
2020-08-01 13:27:23
Алла сактасын тилсиз жоодон бирине бири уланган үйлөр окшойт.
+3
kyrgyzka7
2020-08-01 21:12:54
Кудай сактасын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан