Кинорежиссёр, актёр Тынчтык Абылкасымов режиссёрлук кылган "Чек арада" киносу эл аралык "Link" (Link International Film Festival) кинофестивалында жеңүүчү болду. Тагыраагы фестивалдын "Эң мыкты азиялык кыска метраждуу тасма" категориясы боюнча жеңишке жетишкен.
Кинофестиваль Лондондо өтмөк, бирок дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан пандемияга карата ал онлайн форматта өткөн.
Кинодо коңшу эки өлкөнүн чек арачыларынын туткунуна түшүп калган карыянын жашоосу чагылдырылган.