Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, 16 турак үй жабыркады

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел кечээ, 31-июль күнү саат 19:30 чамасында жүргөн. Анда жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйө-Таш айылында жайгашкан 6 турак үйдүн короосун, Көө-Чаты айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короосун каптаган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekish-
2020-08-01 22:33:33
Менин туулуп өскөн жерим. Аман болгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан