Орусиянын Москва шаарында 28-июлдан бери Усупов Эрнист Самудинович аттуу Кыргыз жараны дайынсыз жоголуп, изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган жарандын жакындары билдиришти.
"28-июлда жумушка барам деп үйдөн чыккан боюнча кайтып келген жок. Биз полиция кызматына кабар бердик. Жашы 50дө, Нарындан болот. Жанында паспорту жок", - деп билдиришти жакындары.
Сүрөттөгү жаранды көрүп-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну туугандары өтүнөт.
Байланыш телефону: 89100095504.