Бишкекте 2-3-ноябрь күндөрү дзюдо боюнча IV эл аралык “Хан Манас кубогу” деп аталган мелдеш өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Монголия жана Орусиядан 1996-1998-жылы туулган 500дөй спортчу катышат. Мелдеште эң көп алтын медаль уткан команда, “Хан Манас кубогуна” ээ болот. Бул тууралуу аталган мелдештин уюштуруучулары билдирди.