Кара-Кулжа районунда 37 турак үйдүн короосун сел каптады

31-июль күнү саат 20:30 чамасында тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, 37 турак үйдүн короосун сел каптап кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тынымсыз жааган жаандан улам коктулардан келген сел суулары Кызыл-Жар жана Күйө-Таш айылында жайгашкан 12 турак үйдүн короосун суу каптап жана 5 турак үйдүн ичине суу кирген. Ошондой эле Коо-Чаты айылында 25 турак үйдүн короосун суу каптап, 2 турак үйдүн ичине суу кирген.

Сел жүргөн жерге Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн", - деп билдиришти мекемеден.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромети сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан