Кечээ, 1-августта Өтмөк ашуусунда Беларусь өлкөсүнүн жаранынын башкаруусундагы оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Перизат Мамырова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.
"Болжол менен бир саат мурун Өтмөк ашуусунда чоң кырсык болду. Жабыркаган Беларусь өлкөсүнүн жараны оор абалда экен. Үй-бүлөсү менен унаада өтүп бараткан Рамис Рыскулов жабырлануучуну көрүп, аны унаадан алып чыккан. Андан кийин күйүп жаткан унаадан документтерди жана акчасы бар капчыкты алып чыгышты. Жабырлануучу Талас облусунун Чат-Базар айылындагы ооруканага жеткирилген. Кимдир-бирөөнүн башына түшкөн мүшкүлдөн кыя өтпөгөн адамдарды Кудайым колдосун. Унаа жарылышы мүмкүн эле. Капчык жана документтер башка күбөлөргө өткөрүп берилди", - деп жазган ал.