Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда таштар кулап, кооптуу болуп жатат

Тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда таштар кулап, кооптуу болуп жатат. Бул тууралуу Самат Асаналиев аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Нарын-Бишкек жолу кооптуу. Сары-Булактан Кочкорго чейинки жол каттамында таштар кулап жатат. Аралыкты сактаңыздар", - деп жазган ал.

Бул тууралуу ӨКМга байланышканыбызда маалыматты тастыкдады.

"Бүгүн, 2-август саат 12:20га карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 265-чакырымында катуу жааган жаандын кесепетинен жолду шагылдар тосуп калган. Көйгөй жаралган жерге ӨКМнын Кочкор райондук бөлүмүнөн 6 куткаруучу, 1 грейдер унаасы жана Жол кайгуул кызматынан 2 кызматкер тартылды. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан