Телеалпаруучу, тамада Максат Довранов кичи мекени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна миллион сомдук жардам көрсөттү. Кайрымдуулук иши тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Жакында "Ала-Бука элине жардам" деген аталышта акция баштагам. Жердеш ага-инилер колдоп, чет жакта жашагандар да кол кабыш кылып, акча которуп жатышты. Жыйынтыгында кайрымдуу элден 1 миллион сомго чукул каражат чогулуп, ага 15 кычкылтек концентраторун, сапаттуу коргонуучу кийимдер, бет каптар, учурда керек болуп жаткан гепарин, клексан сыяктуу дарылар алынды. Кычкылтек концентраторунун 8и Ала-Бука аймактык ооруканасына берилип, калганы айыл аймактарына таратылды. Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери жардамды көрүп көздөрүнө жаш алышты. Анткени учурда ал жакта оорудан каза болгондор көп болуп жатыптыр. Алар "Медицина кызматкерлер да көп ооруп жатат, силер мындай жардам көрсөтпөсөңөр биз бейтаптарды кантип дарылакмакпыз?" дешти. Акцияны колдогон бардык ала-букалыктарга ыраазычылык билдирем" , - дейт Максат мырза.