Биз социалдык тармакта

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Сары-Булак тилкесинде сел суулары каптады

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Сары-Булак тилкесинде сел суулары каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык кечээ, 2-августта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Сары-Булак тилкесинде тоо боорунан сел суулары каптап, унаа жолду кум шагылга толтурган. Жол эки тараптуу жабылган. Сел жүргөн жерге Кочкор райондук ӨКМнын куткаруучулары тартылып, саат 13:00 чамасында унаа жол толук тазаланып ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан