Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү ала булут каптап, бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
5-7-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-августта күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.