Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 3-августта жумушка чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкты. Ал дарыланып чыккандан кийин дагы үй карантинде болуп жаткан. Анын милдетин Мадамин Каратаев аткарып келген. Бүгүндөн баштап министр штаттык режимде иштеп баштайт", - деп жазылат маалыматта.