Биз социалдык тармакта

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун 2-турунда 6 миңден ашык абитуриент окууга өттү

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун II турунда 15 миңден ашуун талон түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II турунда "Абитуриент Онлайн" (https://2020.edu.gov.kg/) системине 15 миң 131 талон келип түштү. Анын 5 миң 730у бюджеттик орундарга, 9 миң 401и келишимдик негизде билим алууга тапшырылды.

II турдун жыйынтыгы менен 6 миң 260 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 1 миң 130у бюджеттик негизде, 5 миң 130у келишимдик негизде билим алышат.

Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-08-03 13:06:11
Сентябрьдан ачылып калат бекен Окуу жайлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан