Борбордук шайлоо комиссиясы Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПнын шайлоого карата ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, партиянын өкүлдөрү бүгүн БШКнын жыйынында каттоодон өткөн.
БШК 14-июлда аталган партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан. Буга алардын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактаган КСДП менен соттук териштирүүлөрү аяктай электиги себеп болгонун билдиришкен. Мындан улам 20-июлда Бишкектин административдик соту бул чечим боюнча Абдрахмановдун каршы арызын карап, БШКны аларды каттоого милдеттендирген. Аталган комиссия Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот партиянын өкүлдөрүн каттоого милдеттендирүү чечимин күчүндө калтырган.