Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарындагы Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө куураган чөптөн өрт чыгып, өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алдын ала маалымат боюнча, Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде мүрзөдө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:35те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 13:17де толук өчүрүлдү", - деп билдиришти мекемеден.