Июль айынын башында Токмок шаарында вирус жуктурдум деген божомол менен күнүнө медицина кызматкерлерине 500дөй бейтап кайрылып жаткан. 1-августта медиктерге 215 адам, 2-августта 178 киши кайрылганын Токмок шаардык мэриясынан маалымдашты.
"30-июлда күндүзгү стационардык кезметке медкызматкерлердин 3-тобу чыкты. Стационар бир ай мурун спорттук мектептин имаратында 50 адамга ылайыкталып ачылган", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Ош шаардык мэриясы кайрылган бейтаптардын саны азайганына байланыштуу А.Навои мектебиндеги стационар убактылуу жабылганын кабарлады.