Мамлекет башчысы 3-4-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болору маалымдалган. Ал бүгүн Каракол шаарындагы "Ак-Булак плюс" ЖЧКсы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышканын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Анда өлкө башчысы кайра иштетүү өнөр жайын колдоо аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында, артыкчылыктуу бойдон каларын айткан. Мамлекет башчысына ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 тонна сүттү түзөрүн, сезон убагында суткасына 60 тоннага чейин сүттү кайра иштетерин маалымдашты.
«Ак-Булак плюс» ЖЧКсы Ысык-Көл облусундагы сүттү кайра иштетүүчү ири заводдордун бири. Анда майсыздандырылган кургак сүт, каймак майы жана катуу сырдын бир нече түрү өндүрүлөрү белгиленет.
"Ишкана бир нече кабыл алуу пункттарына жана муздаткыч жайларына ээ, бул жерге Каракол шаарынын, ошондой эле Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү фермерлери сүт өткөрөт. Завод Ысык-Көл облусундагы райондордун 70тен ашуун айылдарындагы 6 миңден ашуун дыйкан чарбалардын сүтүн кабыл алууда, муну менен бирге аймактагы айыл чарбасы өнүгүүдө.
Жакынкы жылдары ишкана сүт өндүрүү көлөмүн суткасына 70-80 тоннага чейин көбөйтүү, күнүнө 10 тонна сыр чыгаруу кубаттуулугу менен европалык деңгээлдеги автоматташтырылган сыр линиясын жана коюлтулган сүт өндүрүү боюнча линияны ишке киргизүү, мындан тышкары керектүү атайын жабдуулары бар сүттү кабыл алуу пункттарынын санын көбөйтүү пландаштырууда", - деп жазылат анда.
Заводдун директору Максатбек Алдаяров заводдун келечеги кең экендигин, алдыда компания товарлардын түрлөрүн көбөйтүп, кызматкерлерди жана сатуу чектерин кеңейтүүгө ниеттенип жатканын айткан.
Ал эми Сооронбай Жээнбеков: "Аймактарды өнүктүрүү боюнча саясат аймактарда жумуш орундарын түзүүгө багытталган, биринчи кезекте ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип жатат. Азыркы тапта бардык мамлекеттик органдардын негизги күч-аракеттери коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүгө багытталган. Буга карабастан, жер-жерлердеги реалдуу секторду жана ишкерлерди унутта калтырган жокпуз. Бюджеттин жана тартылып жаткан инвестициялардын каражаттары мындан ары дагы өлкө экономикасынын калыбына келтирилишинде өзгөчө ролду ойногон чакан жана орто ишкерликти колдоого багытталат", - дейт.