Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталып, 2 киши каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чычкан капчыгайында Жигули жана Фура унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. "Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган 1 аял киши жаракат алып, 2 эркек киши каза болгон. Анын бири 1953-жылы туулган айдоочу, ал эми каза болгон экинчи жарандын туулган жылы такталууда. Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан