27-28-сентябрда Бишкекте КРнын Президентинин Кубогу үчүн сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Түркмөнстан, Германия, Франция өлкөлөрүнөн спортчулар катышат. Бул тууралуу сууда сүзүү федерациясы билдирет. Мелдеш “Greenwich” спорт комплексинде өтмөкчү.