Орусияда Кыргыз жарандарын чартердик каттамга кезексиз тизмеге киргизип беребиз деп акча алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
28-июль күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну 1994-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылууда 17-июль күнү Кыргыз өлкөсүнүн Москва шаарындагы Консулдук бөлүмүнө өлкөгө кайтып кетүү үчүн чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылганы келген. Кезекте турган учурда арыз жазуучу бланктарын келген элдерге таркатып жаткан бала менен таанышып калган. Ал элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттамга кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам берем деп сый акы алган бойдон изин жашырган.
Бул факты Москва шаарынын Якиманка райондук полиция бөлүмүнө катталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган К.М. аттуу жаран болуп чыккан. Азыркы учурда Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Ошондой эле 28-июль күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Ош облусунун жашоочулары 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы тулган А.С. аттуу жарандар кайрылышкан. Жабырлануучулар өздөрүнүн кайрылуусунда, белгисиз кыз WhatsApp аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, мекенге учууга жардам берем деп сунуштаган. Анын натыйжасында жогорудагы жарандар 60 миң рублга жакын чыгым болушкан. Бул фактылар Москва шаарынын Котловка райондук полиция бөлүмүнө катталып, процессуалдык текшерүүнүн жыйынтыгы менен “алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу жашоочусу кармалып, азыркы учурда Орусиянын мыйзамдарына ылайык, анын баш коргоо чарасы каралууда.
Элчилик эскертет.
Жарандарды тизмеге киргизүү бекер ишке ашырылат жана мигранттарга жардам көрсөтүү иретиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизге көрсөтүлөт. Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө - predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылуу кажет. Купуялуулукка кепилдик берилет.