Сейфтен 2 миллион сомдон ашык акча уурдаганга шектелген жарандарды Ленин РИИБинин кызматкерлери кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү Пушкин көчөсүндө жайгашкан үйүнүн терезесин сындырып, сейфтеги акчасын уурдап кеткени жазылган. Сейфте 2 миллион, 1 миң 400 доллар, 625 евро жана 250 миң рубль бар болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары 1979-жылы туулган К.И. жана 1975-жылы туулган Т.Т. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, алар эки айга СИЗО-1ге камакка алынды.
Учурда шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.