Бүгүн, 4-августта Ленин райондук сотунда 16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулук кылууга мажбурлаган деп шектелип кармалган кыздардын иши боюнча сотто алдын ала уктуруу болду. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Айнура Осмоналиева SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүнкү алдын ала уктуруу процессине кыздын таежеси келди. Алдыда дагы отурумдар бар. Андан кийин чечим чыгат", - деди ал.
2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине арыз келип түшкөн, анда 2003-жылы туулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген сиңдисине карата күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо иштөөгө мажбурлаганы тууралуу айтып, кыздын эжеси кайрылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 16 жаштагы сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып Бишкекке алып кеткенин айткан.
Аталган факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене "сойкулук кылууга тартуу" жана 170-берене "киши уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринин жыйынтыгында 23, 24 жана 33 жаштагы үч аял шектүү катары кармалган. Кийин 23-январда Ленин райондук соту аталган иш боюнча шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.