Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун Шопок айылында Нарын дарыясынын жээгинде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай маалымат 102 кызматына түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.