Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев илдеттен айыгып, эртең, 6-августта жумушка чыга турганы айтылды.
"Ал Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан айыгып чыкты. Эртеңден баштап жумушка чыгат", - деди брифингде Айнура Акматова.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетин жуктуруп алганы айтылган.