Коронавирус инфекциясы катталган учурдан тартып Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту алдын алуу, аныктоо, дарылоо жана COVID-19 алдындагы коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл маселелери боюнча медициналык кызматкерлерди ордуна барып жана аралыктан окутуу курстарын өткөрүп жатат. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде аталган институттун проректору Таалайбек Тургунбаев билдирди.
2020-жылдын фервраль айынан тартып 30-июлга чейин 18 миң 437 адис окуудан өткөн, алардын ичинде 10 миң 931 адис аралыктан окушкан.
Коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл боюнча – 7506 адис окутулган. Алардын ичинен 3038 - дарыгер, 3759 - медайым, 70 - ординатор жана 639 - кенже жана башка персонал окуудан өттү.
Экспресс-тестирлөө жана ПЦР-изилдөө боюнча курстарда 403 адис окутулган. Ошондой эле "COVID-19 алдында ПЦР-диагностиканын негиздери" тездетилген программасы боюнча 50 адис окутулган.
Санитардык дарыгерлерди кайра даярдоону аралыктан окутуу курстары боюнча 68 дарыгер окутулду.
Оор мүнөздөгү COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмония алдындагы реаниматология маселелери боюнча 66 дарыгер окутулган.